1- Ноябрь 1973 -жылы индиялык модель, актриса Айшвария Рай төрөлгөн
Индиялык модель, актриса Айшвария Рай Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Болочок киножылдыз өспүрүм кезинде эле сулуулугу менен көпчүлүктүн назарын бурдуруп келген. Окуучу кезинде Айшвария врач болууну тилек кылчу, бирок ата-энесинин каалоосу менен ал Бомбейдеги колледждин архитектура бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен кошо башка тилдерди өздөштүрүүгө аракет кылып, чоң кызыгуунун аркасында беш тилди үйрөнүүгө жетишкен. Келишимдүү, келбеттүү, жөнөкөй кызды моделдик агенттиктин өкүлдөрү байкап калышат да, модель болуу сунушун киргизишет. Аз убакыттын ичинде эле “Пепси”, “Кока-Кола”, “Лореаль” өң­дүү фирмалардын жарнамалык түрмөктөрүнө тартылып, модель катары тааныла баштайт.
Айшвария 21 жашында, тагыраак айтканда, 1994-жылы “Индия сулуусу” сынагынын жеңүү­чүсү болуп табылат. Ошол эле жылы “Дүйнөлүк сулуу” наамына ээ болот. Эми Айшварияга моделдик агенттиктерден гана эмес, белгилүү индия кинорежиссёрлорунан да киного тартылуу сунуштары түшө баштаган. 1997-жылы Айшвария алгач тартылган “Ирувар” деген кино ийгиликсиз тартылгандыктан, сынчылардын арасында сын-пикирди, талашты жараткан. Кийин “Навеки твоя” деген кинодо сүйүүнүн азабын тарткан байкуш кыздын ролун ийине жеткире аткарат. Ошентип, Айшвария модель дагы, актриса дагы боло аларын далилдеген. Аталган кинодогу ролу үчүн “Мыкты аялзаттын образы” деген номинацияга татыктуу болот. 2001-жылы “Любовь в награду” деген кинодо жараткан ролу үчүн “Мыкты актриса” деп табылат. 2002-жылы Айшвария тартылган “Девдас” аттуу тасма эң ийгиликүү тартылган фильм деп табылып, сатылуу жагынан Индияда гана эмес, АКШда да рекорд коёт. Мындан тышкары актриса Шахрух Хан, Салман Хан өңдүү индиянын белгилүү актёрлору менен бир нече киного чогуу тартылган.
2004-жылы Лондондогу белгилүү режиссёр Гуриндер Чадха актрисага роль сунуштайт. Ошентип, Айшвария биринчи жолу англис тилинде Улуу Британия жана АКШ биргелешип тарткан “Любовь и предрассудки” деген кинодо роль жараткан. Аталган фильмден кийин актрисаны “Hello Magazine`s” аттуу журнал дүйнө жүзүндөгү жагымдуу жүздүү аялдардын катарына кошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан