1- Ноябрь 1978 -жылы
Түркиялык актриса, модель Сельма Эргеч туулган
Түркиялык актриса, модель Сельма Эргеч Германиянын Хамм шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы түрк, апасы немис кызы. Ата-энеси дарыгер болгондуктан, медициналык факультетке тапшырып, бейтапканада стажёр болуп да иштеген.
Ал Түркиянын тарыхында өчпөс из калтырган Осмон империясынын улуу башкаруучусу Сулейман тууралуу тартылган “Даңазалуу кылым” аттуу тарыхый сериалда Хатиже султандын ролун жаратып, атактуулукка жеткен.