4- Ноябрь 1922 -жылы
англиялык археолог Говард Картер Мисирден фараон Тутанхамондун күмбөзүн тапкан
Англиялык археолог Говард Картер Мисирден фараон Тутанхамондун күмбөзүн тапкан.
Байыркы Египет фараону Тутанхамон тарыхка анчалык деле из калтырган эмес. 1333-жылы 10 жашында такка отуруп, 9 жыл башкарган. Айрым маалымат булактарында "Тутанхамон биздин заманга чейинки 1324-жылы 19 жашында өлгөн" деп жазылган. Фараондун калдыктарын изилдеген эл аралык окумуштуулар тобу "Тутанхамондун жаш кеткенине безгек оорусунун күчөп кетиши себепкер болушу толук мүмкүн" деп жыйынтык чыгарган. Бул "өспүрүм курактагы фараон киши колдуу болуп же башка илдеттен өлдү" деген божомолдор туура эмес экенин билдирген. Мындан сырткары фараондун карышкыр таңдай, кыйшык таман болгонун, жамбаш сөөгү сынып бүтпөй калганын окумуштуулар изилдеп чыгышкан.