5- Ноябрь 1879 -жылы
Англиялык физик Жеймс Максвелл каза болгон
Англиялык физик Жеймс Максвелл 48 жашында Англиянын Кембридж шаарында көз жумган.
Кембридждеги Кавендиш лабораториясын ачкан, магниттик талаа теориясынын автору Жеймс Клерк Максвелл 1831-жылы 13-июнда туулган. Максвелл азыркы электродинамика мыйзамдарынын негизин түзгөн (Максвелл теңдемеси). Ал 1861-жылы 17-майда Томас Саттон менен биргеликте дүйнөдөгү алгачкы түстүү сүрөттү Падышалык институтунда лекцияда көргөзгөн. Илимий жетишкендиктери үчүн 10дон ашык сыйлык алган.