7- Ноябрь 1867 -жылы
Франциялык физик, химик Мария Кюри туулган
Поляк улутундагы белгилүү француз физиги жана химиги, "Нобель" сыйлыгынын эки жолку лауреаты Мария Кюри Польшанын борбору Варшава шаарында төрөлгөн.
Мария Кюри күйөөсү Пъер менен бирдикте радий (лат.radium - нурлуу) жана полоний (лат. polonium - польский - туулган жеринин наамынан) элементтерин ачкан. Ал Парижде жана Варшавада Кюри институттарынын негиздөөчүсү болгон. Ошондон эле Мария Кюри 1903-жылы физика жаатында, ал эми 1911-жылы химия жаатында "Нобель" сыйлыгына арзыган.
Мария Кюри 1934-жылы радиоактивдүү изотоптор менен иштөөдө коргонбогондуктан, лейкемия оорусуна чалдыгып, 1934-жылы 4-июлда 66 жашында каза тапкан.