3- Ноябрь 1976 -жылы Тамада, куудул, ырчы жана алпаруучу Жеңишбек Айтиев туулган
Тамада, куудул, ырчы жана алпаруучу Жеңишбек Айтиев Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Кара-Таш айылында туулган. 9 бир туугандын эң кичүүсү. Жеңишбек Айтиев 11 жашында апасынан, 21 жашында атасынан айрылып, бир туугандары менен улуу агасынын колунда чоңоёт. Мектепти бүткөн соң Бишкекке техникумга келип, муздаткыч оңдоочунун окуусуна тапшырган. Бирок окуусун таштап, кийин ОшМУнун Искусство факультетин бүтүргөн. Ал куудулдук чыгармачылыгы тууралуу "Бир күнү эле бир тааныш бала келип: "Куудулдардын райондук конкурсу өтүп жатат. Жү­рү, сени катыштырабыз" деп калды. Ошентип, мени даярдай башташты. Конкурс боло турган күн келгенде досторум жүз грамм аракты ичиришти да, сахнага чыгарып коюшту. Өмүрү сахнага чыкпасам да ичимдеги жүз граммдын күчү менен сүрдөбөй Борончу байкенин бир сатирасын айтып, биринчи орунду алгам. Ошондой баштап куудулдукка кызыгып, анекдот китептерди сатып алып окуй баштадым. Андан кийин областтык конкурстарга катышып, атүгүл, ушул өнө­рүм­­дүн аркасы менен Бишкекке да келип кеткем", - деп эскерет. Ал куудулдуктан сырткары ырчылык өнөр менен дагы алектенип, эл арасында "Беш бармак", "Сүйдүм", "Ошко сапар", "Карагат" аттуу ырлары менен таанымал. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан