Евразия Экономикалык Биримдигине кирген (ЕврАзЭС) өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин үчүнчү жыйыны Бишкек шаарында ишин баштаган. Кыргыз өлкөсү, Беларусь, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн юстиция министрлерин бул күнү премьер-министр Николай Танаев кабыл алган. Жолугушууда уюмга кирген мамлекеттердин мыйзамдарын интеграциялоо багытында кыргыз өкмөтү болгон аракетти жасап жаткандыгы билдирилген. Кыргыз өкмөт башчысы кийинки 2 жыл аралыгында 4500 мыйзам актылары интеграциялоо максатында кайра каралып, 300дөн ашуун мыйзам оңдоп-түзөтүш үчүн парламентке жөнөтүлгөн. Юстиция министрлер кеңешинин үчүнчү жыйында ЕврАзЭСтин укуктук системин калыптандыруу жана өнүктүрүү, уюмдун укуктук актыларын ишке ашырууну ыкчамдатуу маселелери талкууга алынган.