4- Ноябрь 2004 -жылы
"Жаңы багыт" деп аталган коомдук-саясий кыймыл негизделген
"Жаңы багыт" деп аталган коомдук-саясий кыймыл уюштурулган. Кыймылга Муратбек Иманалиев, Болот Байкожоев, Ташболот Балтабаев, Искак Масалиев, Султан Медеров, Муратбек Мукашев, Ишенбай Абдыразаков, Салижан Жигитов өңдүү коомдук жана саясий ишмерлер кирип, алар "демократиялык кубаттуу Кыргызстан" деген идеяны жактай тургандыгын билдиришкен. Коомдук-саясий кыймыл улуттук экономика менен маданиятты калыбына келтирип, коопсуз жашоону камсыздаш үчүн коррупцияны ооздуктап, мамлекеттик кесипкөй ишмерлердин курамын даярдоо багытында иштей тургандыгы кабарланган.