5- Ноябрь 1934 -жылы
Кыргыз АССР Башкы соту жылкы уурдоо менен алпурушкан жоон топ ууруларды сот жообуна тарткан
Кыргыз АССР Башкы соту жылкы уурдоо менен алпурушкан жоон топ ууруларды сот жообуна тарткан. Жанкечтилер жалаң жылкыларды уурдап, бир канча жыл бою колхоз, совхоздордун малына тийип, ал түгүл жеке чарбакерлердин жылкыларын айдап кетип турган. Башкы сот уурулардын анабашчысы Якуб Сопиевди атууга өкүм чыгарып, 8 ууру - 10 жылга, 2 адам 5 жылга, дагы бирөө 3 жылга эркинен ажыратылган.