5- Ноябрь 1934 -жылы Улуу Октябрь социалисттик майрамы катары белгиленчү 7-8-ноябрь күндөрү шаардык дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган
Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскер депутаттар кеңешинин президиуму Улуу Октябрь социалисттик майрамы катары белгиленчү 7-8-ноябрь күндөрү шаардык дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган чечим чыгарган. Шаардык кеңештин чечиминде майрам күндөрү сыра ичимдигин сатууга уруксат берилип, бардык дүкөндөрдө нан сатуу ишин таңкы саат 8ден баштап кечки саат 10го чейин жүргүзүү талап кылынган. Мындан тышкары бардык мекемелерге мамлекеттик желектерди тагуу керектиги эскертилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан