5- Ноябрь 2006 -жылы Ирак соту “адамзатка каршы кылмыш жасады” деген айып менен Саддам Хусейнди өлүм жазасына буюрган
Ирак соту “адамзатка каршы кылмыш жасады” деген айып менен Саддам Хусейнди өлүм жазасына буюрган. Тагыраак айтканда, 1982-жылы Саддамдын өмүрүнө кол салган Дуджайл кыштагындагы 148 адамды өлтүрүүгө буйрук бергендиги үчүн Ирактын экс-лидерине күнөө коюлган. Бирок Саддам өлүм жазасы дарга асуу жолу менен эмес, ок атуу менен ишке ашырылышы керек деген оюн ортого салган. Анын айтуусуна караганда, ал кылмышкер эмес, аскер адамы болгондуктан, октон көз жумууну татыктуу өлүм деп эсептеген.
Иракты 24 жыл башкарган Саддам Хусейн 2006-жылы 30-декабрда Багдад шаарында таңкы саат 06:00дө дарга асылган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видео тасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, дарга асууда Саддам эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Бир гана колундагы ыйык Куран китебин өзүнүн досуна берүүнү жана өлүм жазасын аткарууда башына кап кийгиз­бөөсүн суранган экен.
Ирактын экс-президенти өлүм алдында акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тартып, "Аллахтан башка Кудай жок жана Мухаммад анын элчиси" деп келме келтиргенин Ирактын премьер-министринин кеңешчиси билдирген. Анын айтымында, “биздин улут жеңет жана Палестина арабдардын гана аймагы болот” деген сөздөр Саддамдын оозунан акыркы минуталарда чыгып жаткан.
Дал ушул учурда өлүм жазасын ишке ашырчулар Саддамдын мойнуна кара чү­пү­рөк байлашып, сыйыртмакты салышкан. Жанындагы беттери чүмбөттөлгөн жигиттердин бири рычагды ылдый басканда Саддамдын алдындагы люк ачылып, ал терең жакка түшүп кеткен. Эки-үч метр тереңдикте 10 мүнөттөй асылып тургандан кийин экс-президенттин дарыгери анын тамырын кармап көрүп, оо дүйнөгө чындап эле сапар алганын айланадагыларга тастыктаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан