5- Ноябрь 1956 -жылы Саясий ишмер Азимбек Бекназаров туулган
Саясий ишмер Азимбек Бекназаров Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.
1982-жылы Ташкенттеги юридикалык техникумду, 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1977-жылы "Кызыл-Туу" совхозунда жумушчу болуудан баштаса, ал эми 1984-1991-жылдары Жаңы-Жол районунда сот аткаруучу болуп сот системинде эмгек жолун баштаган.
1991-1996-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү, андан соң ага тергөөчүлүк кызматтарда эмгектенген.
1997-1999-жылдары Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда судья,
2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,
2005-жылдын март айынан сентябрга чейинки убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ал эми 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан