5- Ноябрь 1938 -жылы Коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов каза болгон
Суракка чакырылган Жусуп Абдрахманов тергөөчүнүн чылым чегип, ром ичип отурганын көрөт. Чылымынан алып чегип, ромдон куйдуруп ичип туруп, анан баягы ашмалтай суроолорун берип, кайра суракка алмакчы болгон тергөөчүнү отургуч менен башка урат. Жүгүрүп келген сакчылар Жусуп Абдрахмановду атып ташташат. Ошентип кыргыздын эр жүрөк уулу Жусуп Абдрахманов каза болгон.
Мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы (1927-1933), РСФСР ВЦИКтин мүчөсү Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл районунда манаптын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жаратылышынан зээндүү Жусуп алгач орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайда билим алып, тилекке каршы 1916-жылдагы үркүндүн айынан окуусун токтоткон. Эл менен Кытайга үркүп барып, февраль революциясынан кийин туулган жерине келип, Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген. Анын табиятынан зээндүү, дилгир экендигин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алмата) шаарына алып барган. Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, мурда кат сабаты жоюлган Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн. Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы аскердик окуу жайга кирет. Бирок, ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.
Жусуп Абдрахманов 1919-жылы кыргыз жаштарынын алдыңкы өкүлү катары комсомолго өтүп, ошентип анын саясий ишмердиги дагы ошол чөйрөдөн башталган. Абдрахманов 1920-жылы РКСМдын (Российский коммунистический союз молодежи) 3-съездине Кыргызстандын атынан барган. Ушул съездде Жусуп Абдрахманов коммунисттердин жол башчысы В.И.Ленин менен жолуккан.
Абдрахманов 19 жашынан тартып мамлекеттик, партиялык кызматта иштеп, 27 жашында, тактап айтканда 1927-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрына чейин Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы, азыркыча айтканда премьер-министри болгон. Жаш, ишке жөндөмдүү адис катары тез эле жетекчиликке көтөрүлгөн. Абдрахманов ушул кызматта отуруп, өнөр жайга, республиканын чарбалык-маданий курулушунун фундаментин курууга активдүү катышкан.
1933-жылы 26-майда ВКП (б)Борбордук комитети "Республикада (Кыргызстанда) дан азыктарын бекитилген планга каршы ысырапкорчулукка жана уурдап жок кылууга жол берилип, чара колдонбогондугу" жөнүндө токтом кабыл алынган. Ушул эле жылдын 22-сентябрында партиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен Жусуп Абдрахманов кызматтан бошотулуп, 14-октябрда партиядан чыгарылат. Андан кийин Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалат. Ал эми 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. Ал бир нече жолу Сталинге, СССРдин прокуроруна, Ички иштер эл комиссарына арыз менен кайрылган. Бирок, анысы ишке ашкан эмес. Анын үстүнө жогорку жак бир күнөө такса, экинчи жагынан өзүнүн эле чогуу иштегендери үстүнөн арыз жазып айласын кетирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан