6- Ноябрь 2005 -жылы
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда эки жарым миңден ашык адам катышкан митинг өткөрүлгөн
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда эки жарым миңден ашык адам катышкан митинг өткөрүлгөн. Митингчилер кабыл алган кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаттарына жалпы кыргызстандыктардын таламын талашып, парламент ишин элден жашырбай ачык-айкын жүргүзүү талабы коюлган. Ошондой эле уюшкан кылмышкерлер жаңы бийликтин колдоосун сезип, мамлекеттик чиновниктер менен кызматташып кеткендиги белгиленип, мындай терс көрүнүш катуу сынга алынган.
Мындан сырткары митингчилердин кайрылуусунда президент Курманбек Бакиевдин Аксы эли менен жолугушууга келбей, Азимбек Бекназаров чакырган теледебаттан жалтактап баш тартышы "жалганчы жетекчи" катары бааланып, анын мамлекетти башкарууга моралдык укугу жок экендиги белгиленген.