Австриялык ырчы Кончита Вурст Австриянын Гмуден шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Том Нойвирт. Балалыгын 3 миң калкы бар Бад-Миттерндорф Штирии кыштагында өткөргөн. Өспүрүм кезинен тарта ал кыздардын кийимин кийгенге ыктап, кийинчерээк эркектерге кызыгарын, аларга сезими ойгонуп жатканын билген.