Актёр Адилет Усубалиев Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Мураке айылында туулган. Мектепти аяктаган соң 2007-жылы Бишкек шаарына келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм институттун актёрдук чеберчилик бөлүмүнө тапшырып, аны 2012-жылы аяктаган. Студент кезинде окуусунан тышкары Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында 2 жыл, андан соң Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында 1 жылдай иштеген. Аны менен катар радиодо 5 жыл ди-джейликти аркалаган.