Бишкек шаарындагы кафелердин биринде тамактангандар массалык түрдө ууланышып, 33 киши ооруканага жаткырылган. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларына үйдө жасалган тамак-аштарды алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдамай болгон. Санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган кафе-ресторан жана башка тамактануу жайларынын ээлери үчүн айыптардын суммасы 10 эсеге жогорулатылган.