7- Ноябрь 2006 -жылы
Бишкектин эски аянтында президент К.Бакиевдин жана өкмөттүн отставкасын талап кылган оппозициянын митинги өтүп, митингчилерге чыккан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Мурат Суталинов колу менен уятсыз ишарат көрсөткөн
Бишкектин эски аянтында ошол учурдун президенти Курманбек Бакиевдин жана өкмөттүн отставкасын талап кылган оппозициянын митинги өткөн. Ошол кезде Мурат Суталинов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон. Бул кызматка жаңы келген Суталинов митингчилерди тынчытуу үчүн аянтка чыккан. Ал күнү митингде колу менен уятсыз ишарат көрсөтүп, сөгүнгөнү элдин эсинде биротоло калган.