8- Ноябрь 1938 -жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү
Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыяланган. Бул күндөр 2017-жылдан бери белгиленүүдө.
Тарыхый документтерде 1938-жылы 5-ноябрда жана 8-ноябрда кыргыздын алгачкы интеллигенттери, ошол кездеги партиялык жана башка кызматтардын жетекчилери улутчул, панисламчыл, совет өкмөтүнүн душмандары катары айыпталып, атылып кетишкен. Алардын сөөгү Бишкектин өйдө жагындагы Чоң-Таш айылына жакын жердеги бир чуңкурга чогуу көмүлгөн.
1991-жылы жалпысынан 19 улуттун өкүлүнөн турган 138 адамдын сөөгү табылып, "Ата-Бейит" комплексинде жерге берилген. Алардын арасында Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков өңдүү кыргыздын каймактары болгон. Кыргыздын туңгуч интеллигенциясынын өкүлдөрү өлкөнүн мамлекет болуп түптөлүшүнө, илим-билимдин, маданияттын өнүгүшүнө, экономиканын жогорулашына жана кыргыз элинин социалдык жашоо-турмушунун калыптанышына зор салым кошкон.
Буга байланыштуу 8-ноябрь Кыргыз өлкөсүндө Репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары кабыл алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан