15- Ноябрь 2011 -жылы
Советтик жана орусиялык актёр Лев Борисов каза болгон
Советтик жана орусиялык актёр Лев Борисов 77 жашында Москвадагы ооруканалардын биринде инсульттан улам каза болгон.
Лев Борисов алгачкы жолу 1950-жылдардын ортосунда "Аттестат зрелости" тасмасында тартылып, карьерасын баштаган. Андан соң "Высота", "Баллада о солдате", "Верные сердца", "Судьба человека", "Вас ожидает гражданка Никанорова", "И снова Анискин", "Вы чьё, старичьё?", "Ширли‑мырли", "Улица молодости", "Бродячий автобус", "Похождение графа Невзорова", "Обвиняются в убийстве", "Смиренное кладбище", "Барханов и его телохранитель", "Визит к минотавру", "Вынос тела" тасмаларында роль жараткан. Ал эми "Бандитский Петербург" фильминдеги ролу менен атактуулуктун туу чокусуна жеткен.