11- Ноябрь 1999 -жылы Италияда 6 кабаттуу үй кыйроого учурап, 67 адам курман болгон
1998-1999-жылдары Италиянын Фоджа шаарындагы 6 кабаттуу үйдүн жашоочулары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө үйдүн авариялык абалда экендигин айтып арызданып келишкен. Жаан жааган сайын андагы батирлердин ичине чейин суу кирип, жашоочуларга ыңгайсыздык жараткан. Бирок бийлик 90 адам жашаган бул үйдүн начар абалына кош көңүл мамиле жасап койгон. 1999-жылы 11-ноябрда таңга маал үй кыйрап, 67 адам курман болгон. Куткаруучулар 15 адамдын өмүрүн сактап калганга үлгүргөн. Ал эми 8 жашоочу ошол түнү үйүндө болгон эмес. Бул окуяга байланыштуу иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында үйдүн пайдубалы бекем эмес экендиги жана үйдү курууда сапатсыз курулуш материалдары колдонулгандыгы аныкталган. Окуяга байланыштуу эч кандай сот жараяны жүргөн эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан