12- Ноябрь 1934 -жылы
Кыргыз АССР Башкы сотунун атайын коллегиясы Фрунзе механикалык заводдо чыккан өрт иши боюнча өкүм чыгарган
Кыргыз АССР Башкы сотунун атайын коллегиясы республикадагы эң ири ишканалардын бири - Фрунзе механикалык заводдо чыккан өрт иши боюнча өкүм чыгарган. Атайын уюшулган комиссия өрт ишканага 1 миллион 231 миң рубль көлөмүндө зыян алып келгендигин аныктаган. Өрттүн чыгыш себебинде карасанатайлык аракет аныкталбаганы менен завод жетекчилигине социалисттик мүлктү бүлүндүргөн кылмыштуу шалаакылыгы үчүн айып коюлган. Заводдун директору Лапичев 10 жылга, техникалык директор Посечиненко 5 жылга, заводдун өрт өчүргүч кызматынын начальниги Калашникова 3 жылга эркинен ажыратылган.