12- Ноябрь 2011 -жылы
Казакстандын Тараз шаарында 34 жаштагы жан кечти өзүн-өзү жардырып жиберген
Казакстандын Тараз шаарында 34 жаштагы жан кечти өзүн-өзү жардырып жиберген. Ок атышуу менен жардыруу орун алган окуяда 7 адам, анын ичинен 5 укук коргоо кызматкери набыт болгон. 1977-жылкы жан кечти курал-жарак сатуучу дүкөндүн кароолчусун өлтүрүп, ал жерден эки мылтык уурдап чыккан. Аны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген. Натыйжада аны куралсыздандырууга аракет кылган полициянын капитаны каза тапкан.