12- Ноябрь 1980 -жылы
Түрк-немис актрисасы Нур Айсан төрөлгөн
"Даңазалуу кылым" тасмасындагы Махидеврандын ролун аткарган түрк-немис актрисасы Нур Айсан Германиянын Дуйсбург шаарында туулган. Анын ата-энеси Түркиядан төрт баласы менен мигрант болуп Германияга келген. Нур Айсан орто билимди Түркиянын Бешикташ шаарында окуп аяктап, андан кийин Халич университетине кийимдердин дизайны боюнча бөлүмдө окуган. Окууну аяктагандан кийин банкта иштеп, кийинчерээк телевидениеде диктор болгон.
2007-жылы Нур Айсанды түрк телевидениеси сериалга тартылууга чакырышат. Анын биринчи түшкөн тасмасы "Какой из меня отец" аттуу тасма болгон. Бул тасма аз бюджеттүү болгондуктан анча тааныла алган эмес. 2008-жылы дагы бир сериалга тартылып, Нур түрк элине таанымал боло баштайт. Кийинки тасмасы 2011-жылы "Долина волков: Палестина" болгон. Ошол эле жылы "Даңазалуу кылым" тасмасындагы Махидеврандын ролуна чакыруу түшкөн.