13- Ноябрь 2011 -жылы
Түркиянын аскердик аба күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Күрдистандын аймагын бомбалай баштаган
Түркиянын аскердик аба күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Күрдистандын аймагын бомбалай баштаган. Бомбалоо бир саатка созулган. Ага чейин Түркия Ирактын курамындагы Күрдистанга каршы операция жүргүзөрүн жар салган. Түрк бийлигинин мындай кадамга барганына Күрд жумушчу партиясынын согушчандары чек арадагы Чукуржа шаарында 26 аскерди өлтүрүшкөнү себеп болгон.