13- Ноябрь 2013 -жылы
шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан
Бишкекте шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан. 44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумган. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен саат 19:00 чамасында табылган.
Маалыматтар боюнча, Б.Букаев 13-ноябрь күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок белгиленген убакытта ал жерге барган эмес. Мындан улам санаалаштарынын бири анын үйүнө барып, тамаданын жансыз денесин тапкан.
Бакыт Букаевдин сөөгү 15-ноябрда Ысык-Көл облусунун Темир айылында жерге берилген.