13- Ноябрь 2012 -жылы
окумуштуу жана саясий ишмер Курман-Гали Каракеев каза болгон
Окумуштуу жана саясий ишмер Курман-Гали Каракеев 99 жаш курагында узак оорудан улам көз жумган.
Курман-Гали Каракеев 1960-жылдан 1978-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеген. Бул кызматта иштеген 18 жыл ичинде жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоого өзүнүн зор салымын кошкон. Ал 300дөн ашык илимий иштин автору жана илимдин калыптанышына кошкон салымы үчүн 1-2-даражадагы "Манас" ордени баш болгон жана башка сыйлыктарды алган.