14- Ноябрь 2013 -жылы "Ата-Бейит" комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылган
"Ата-Бейит" комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылган. Ага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, бир катар өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жазуучунун замандаштары, туугандары, балдары катышкан. Мемориал жазуучунун уулу Элдар Айтматовдун каражатына курулуп баштаган. Бирок аны куруу иштерин бүтүрүш үчүн 2 миллион сом акча каражаты жетпей калган. Мемориалды куруучу "Бедис АРТ" фирмасынын башкы директору Зоя Никитенко өлкө башчысына 2 жарым  миллион сом бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылганда, Алмазбек Атамбаев 1 миллион сомду өз чөнтөгүнөн чыгарып, калган бөлүгүн жергиликтүү компаниялар толукташкан. Мемориал залкар инсандын көзү өткөндөн 5 жылдан кийин ачылган. Салтанатта сөз сүйлөгөн Илгиз Айтматов сталиндик репрессияда каза болгондордун сөөгү жашырылган бул мүрзөнү "Ата-Бейит" деп атоону Чыңгыз Айтматов өзү демилгелегенин эскерген. Эске салсак, улуу жазуучунун сөөгү атасы Төрөкул Айтматовдун мүрзөсүнүн жанына коюлган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан