15- Ноябрь 2004 -жылы
Кытай Элдик Республикасынын Синьцзянь Уйгур автоном облусунун партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюань жетектеген делегация Кыргызстанга келген
Кытай Элдик Республикасынын Синьцзянь Уйгур автоном областынын партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюань жетектеген делегация Кыргызстанга келген. Ушул эле күнү делегацияны президент Аскар Акаев кабыл алып, Торугарт аркылуу Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу долбоору, Ош—Сары-Таш—Эркештам жолун реконструкциялоо, гидроэнергетика, коопсуздук, туризм боюнча кызматташуу сыяктуу маселелер тегерегинде сүйлөшүүлөр жүргүзгөн.