16- Ноябрь 1912 -жылы
Кыргыз өлкөсүн түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыков Пишпек уездинин башчысы Путинцевге арыз менен кайрылган
Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрүнүн бири Абдыкерим Сыдыков Пишпек уездинин башчысы Путинцевге арыз менен кайрылган. А.Сыдыков уезддеги аскер кызматына караштуу котормочулук бөлүмдө кызмат өтөөгө кызыкдар экендигин билдирген. 23 жаштагы Абдыкерим Сыдыковдун өмүр баяны толук текшерилип, бир жыл өткөн соң ал самаган кызматка алынган. А.Сыдыков буга чейин Верныйдагы эркектер гимназиясын бүтүрүп, Казань университетинин ветеринардык факультетинде билим алган.