17- Ноябрь 1941 -жылы
тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелип, Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарган
Бул күн тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Бирок Кыргыз жеринде 1927-жылы эле фильм тартылган. "Өзбеккино" тарткан “Жабык араба” аттуу толук метраждуу тасмада алгачкы кыргыз актрисасы Айша Түмөнбаева башкы ролду ойногон. Cоюздаш улуттар Кыргыз жерине өтө кызыгып, ал тууралуу даректүү фильмдерди байма-бай тартып турушканы менен, ата мекендик көркөм фильм жаралган эмес. 1941-жылы алгачкы жолу “Чапаев”, “Он үчүнчү”, “Ленин октябрда” деген фильмдерди кыргыз тилинде сүйлөтүшкөн.