"Кыргызфильм" киностудиясына залкар режиссёр Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган. Бул күнгө чейин аталган студия ар кандай аталыштарды алып жүргөн. Айта кетсек, 1951-жылы 8-декабрда "Фрунзенин кинохроника студиясы" ("Фрунзенская студия кинохроники") "Фрунзедеги хроникалык-даректүү тасмалардын студиясы" ("Фрунзенская студия хроникально-документальных фильмов") деп өзгөртүлгөн. Ал эми 1956-жылы 25-декабрда киностудия "Фрунзедеги көркөм жана хроникалык-даректүү тасмалардын студиясы" ("Фрунзенская студия художественных и хроникально-документальных фильмов") деген аталышка ээ болгон. 1961-жылы 27-июнда студия "Кыргызфильм" деп аталган.
Атактуу кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөмбаев айылында туулган. Ленинграддагы киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген. Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Кара мүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак барстын тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу айтылуу тасмаларды жараткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына, "Уркуя" тасмасы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал СССРдин Эл артисти, 1972-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал жана араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тартуулаган. Чыгаан режиссёр 2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.