2- Август 1920 -жылы
Пишпек уезддик жаштарынын I съезди жыйынтыкталган
Пишпек уезддик жаштарынын 1-съезди ишин аяктаган. Жаштар жыйыны Жибек Жолу менен Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир кабат кыш үйдө өткөн. Ал үйдү көпөс Докучаев салдырып, өз убагында ал борбор шаардын архитектуралык үлгүсү болуп эсептелинген. Кийин мында "Серп и молот" басмаканасы, "Эркин-Тоо", "Батрацкая правда" гезиттеринин редакциялары орун алган.