Француз сүрөтчүсү жана ойлоп табуучусу, фотографиянын
негиздөөчүлөрүнүн бири Луи Дагер Парижге жакын жайгашкан Кормей-ан-Паризи шаарчасында туулган. 13 жашында атасы архитекторлукка окуучу кылып берген. 16 жашында Париждеги "Гранд Операнын" декоратору Деготтинин устаканасына окууга кирген.