19- Ноябрь 1987 -жылы “Bugatti Royale” автоунаасы 5,5 миллион АКШ долларына сатылып, ошол кездеги рекорддук бааны койгон
Италиялык конструктор, унаа куруучу "Bugatti" компаниясынын негиздөөчүсү Этторе Бугатти (Ettore Bugatti) бай замандаштары үчүн эксклюзивдүү 25 автоунаа чыгарууну пландаштырган. Бирок 6 гана автоунаа чогулган. Аларды сатуу оңойго турбагандыктан, унаалар Бугаттинин үй-бүлөсүндө калган. 1930-жылы Kellner Coach кузову менен чыгарылган Royale унаасы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үйдүн жашыруун дубалында катылган. Бул автоунаа үй-бүлөдө 1950-жылга чейин болгон. Андан кийин аны америкалык мультимиллионер, спорттук автоунаалардын конструктору Бриггс Каннингем сатып алган. 30 жылдан кийин Каннингем автоунаалардын тарыхынын билерманы, америкалык Мильс Кольерге саткан. Кольер Royale Kellner Coach автоунаасын аукционго 1987-жылы койгон. “Bugatti Royale” автоунаасы 4000 аукционисттин назарына коюлуп, 5,5 миллион АКШ долларына сатылып, ошол кездеги рекорддук бааны койгон. 
Азыркы учурда автоунаанын ээси белгисиз.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан