20- Ноябрь 1602 -жылы Немис физиги жана инженери Отто фон Герике туулган
Суу барометрин ойлоп тапкан, немис физиги жана инженери Отто фон Герике Магдебургда туулган.
Лейпцигде, Йенде жана Лейденде укук таанууну, механиканы жана математиканы окуган. Швецияда бир нече убакыт инженер болуп иштеген. 1646-жылдан баштап Магдебургда бургомистр болгон.
1650-жылы насос менен сордуруп чыгаруучу вакуумун ойлоп тапкан. Анын жардамы менен вакуумдун өзгөчөлүктөрүн, күйүү процессиндеги жана адамдын дем алуусундагы абанын ролун изилдеген. 1654-жылы Магдебургдук жарым шарлар менен экспериментти өткөрүп, абанын басымы бар экенин далилдеген; абанын серпилгичтигин жана оордугун аныктаган; аба күйүүнү камсыздап, дабыштарды өткөрүү сапатына ээ экенин көргөзүп бере алган.
1657-жылы суу барометрин ойлоп таап,  1660-жылы келе жаткан бороонду 2 саат алдын ала айтып, тарыхка биринчи метеоролог катары кирген.
1663-жылы биринчилерден болгон электростатикалык генератор жараткан.
Отто фон Герике 1686-жылы 11-майда Гамбургда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан