
Социалдык илимдердеги эволюционизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири америкалык этнограф, социолог Льюис Морган Нью-Йоркто туулган. Алгачкы коомдун илимий теориясынын түзүүчүсү, социалдык илимдердеги эволюционизмдин негиздөөчүсү болгон.
1840-жылы колледжди бүтүп, 1844-жылы адвокатурага тапшырган. 1855-жылы темир жол компаниясынын негиздөөчүлөрдүн бири, кийинчерээк директорлордун бири болгон. Бирок ал үчүн биринчи орунда бизнес эмес, илим болгон. Булардан тышкары ал саясатка дагы кызыккан. 1861-жылы Нью-Йорктун өкүлү болуп палатага шайланат. Ал жактан Түштүктөгү кулчулукка каршы чыккан. 1868-жылы сенатка өтүп, Түштүктөгү расалык дискриминацияга каршы чыгып, кара терилүү тургундарга башкаларга берилгендей укук берүүнү көздөгөн.
1840-жылы индеецтердин укугун коргоочу жана аларды изилдөөчү "Великий орден ирокезов" аттуу коомун ачкан. Бул иш АКШнын конгрессинде каралып, индеецтердин кызыкчылыгы корголуп, Морганды индеецтер өз катарына кошушат.
1875-жылы Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү болуп тандалган. 1879-жылы илим өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүчү Америкалык ассоциациясынын президенти болгон.
Льюис Морган 1881-жылы 17-декабда Нью-Йорк штатында Рочестерде каза болгон.