23- Ноябрь 1837 -жылы голландиялык физик Ян Дидерик туулган
Молекулалардын ортосундагы биргелешкен аракетинин күчүн ачкан, "Нобель" сыйлыгынын ээси, голландиялык физик Ян Дидерик Лейденде туулган.
Лейденде мектепти бүткөн соң Лейден университетинин лекцияларына, семинарларына 1862-1865-жылдары катышып, физика, математика боюнча өзүнүн билимин кеңейткен.
Ван-дер-Ваальстын жумуштары теоретикалык молекулярдык физика менен байланышкан. Ал молекуланын кыймылын изилдеп, материянын абалы тууралуу теориялар менен алектенген. 1869-жылы молекулалардын ортосундагы биргелешкен аракетинин күчүн ачып, ал күчтү Ян Дидериктин атынан аташкан - Ван-дер-Ваальс күчү. 1873-жылы өзүнүн диссертациясында заттын газ түрү жана суюк фазасы тууралуу бир түрдүү баяндап, жаңы моделин өрчүткөн.
Бул моделдин негизинде ал кандайдыр бир температурада теңдикте болгон суюктук менен анын буусунун физикалык касиеттеринин айырмачылыгы жоголуп кетерин көрсөткөн теңдемени чыгарган. Мындай кризистик температурада суюктук менен анын каныккан буусунун тыгыздыгы бирдей болуп калат. Бул ачылышы үчүн Ван-дер-Ваальс 1910-жылы физика боюнча "Нобель" сыйлыгын алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан