23- Ноябрь 1991 -жылы англиялык “Queen” рок-тобунун ырчысы Фредди Меркьюри СПИД менен ооруй турганын тастыктаган
Англиялык “Queen” рок-тобунун ырчысы Фредди Меркьюри өзү тууралуу айтылган ушактарды тастыктап, СПИД илдети менен ооруй турганын ачык айтып, ал күндүн эртеси каза болгон.
Фредди Меркьюри 1946-жылы 5-сентябрда Занзибардагы Унгуджа аралында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө фортепиано ийримине барган. 1958-жылы мектептеги достору менен "The Hectics" рок-тобун түзгөн. 1962-жылы үй-бүлөсү менен Англияга көчүп кетет. Ал жактан Айлсворт мектебинен живопись бөлүмүн аяктаган. 1969-жылы 13-августта ливерпулдук "Ibex" тобу менен таанышып, алар менен биргеликте концертке чыгат. Бул топ таркап, Фредди "Sour Milk Sea" тобунда ырдап, 1970-жылы "Smile" тобуна кирип, аталышын "Queen" аташат. Бул топ менен көптөгөн альбомдорду чыгарып, дүйнөгө атагы чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан