17- Ноябрь 2013 -жылы Кеминдеги жол кырсыгынан 8 адам көз жумган
Ичинде 25 жүргүнчүсү бар Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен салондо 6 кишиси бар Хонда Аккорд үлгүсүндөгү оң рулдуу жеңил унаа Бишкек-Торугарт жолунун 115-чакырымында 17-ноябрда саат кечки төрт жарымдар чамасында кагылышкан. Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 23 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Аталган кырсыктан Хонда Аккорд унаасынын ичиндги бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү толугу менен мерт болушкан. Кагылышуудан аталган унаа экиге бөлүнүп кеткен. Унааны Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну, бир үй-бүлөнүн жалгыз эркеги, 28 жаштагы Айдарбек Жумабеков башкарып келаткан. Унаада анын 7 айлык эгиз балдары, 24 жаштагы жубайы жана 23-24 жаштар чамасындагы эки бир тууган карындашы болгон. Ал эми кичи автобустун 36 жаштагы айдоочусу жана 3 жашар кыз ошол жерден жан берген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан