20- Ноябрь 2004 -жылы Акын Байдылда Сарногоев каза болгон
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.
Байдылда Сарногоев Талас жергесинде Кулдамбес кыштоосунда 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарында орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. 1956-жылдан "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Шумкар" 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы "Ашуудан берген отчетум" аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык "Алтын көпир" ("Золотой мост") сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардактуу наамы берилген. "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы "I даражадагы Манас" ордени менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан