20- Ноябрь 2013 -жылы 5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган
"Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков 20-ноябрда түштөн кийин 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага 19-ноябрда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. "2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 2003-2004-жылдарда "Ротак-Бишкек" ЖЧКсына жарандардын жеке камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган; Салык кызматын жетектеп турган кезинде ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну "Бизнес-Партнёр" ЖЧКсына мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан