28- Ноябрь 1954 -жылы "Атомдук бомбанын атасы" атка конгон италиялык физик Энрико Ферми каза болгон

Дүйнөдөгү эң алгачкы ядролук реакторду түзүүчү катары таанылган италиялык физик Энрико Ферми ашказан рагынан 53 жашында АКШнын Чикаго шаарында көз жумган. Ал 1901-жылы 29-сентябрда Италиянын Рим шаарында төрөлгөн. "Атомдук бомбанын атасы" деп эсептелген Энрико Ферми атомдук энергияны колдонууга байланыштуу бир нече патент алган. 1938-жылы физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты болгон.

Ал теориялык физикада гана эмес, эксперименталдык физикада да жетишкен физик катары таанылган. Ошондой эле нейтрондордун жайгашуусун, бета-бөлүнүү теорияларын түзгөн. 1939-жылы чынжыр реакциясы түшүнүгүн киргизип, кийинчерээк атомдук проектиге катышкан.
Э.Ферминин урматына Менделеевдин химиялык элементтердин жадыбалындагы 100-элемент фермий деп аталган. Ал эми АКШда анын атынан сыйлык түзүлүп, Чикаго ядролук изилдөө институтуна ысымы ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан