29- Ноябрь 1849 -жылы Англиялык окумуштуу Жон Флеминг туулган
Алгачкы электрондук лампанын түзүүчүсү, англиялык окумуштуу Жон Флеминг Ланкастерде туулган. Флеминг радиотехника жана электротехника жакта окумуштуу, 1892-жылы Лондондук падышалык коомунун мүчөсү болгон.
1904-жылы ал ойлоп тапкан алгачкы электрондук лампаны кенотрон же диод деп аташкан. Анын электрондук коммуникациялардын жана радарлардын өнүгүшүнө кошкон салымы экинчи дүйнөлүк согушту жеңүүгө өтө маанилүү болгон. Флеминг "физикалык жана инженериялык принциптерди радиотехникага киргизүү иштериндеги ири салымы үчүн" 1933-жылы IRE сыймык медалына ээ болгон.
Жон Флеминг 1945-жылы Сидмутта каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан