5- Август 2007 -жылы
Таластагы Манастын Кароол дөбөсүндө башталган казуу иштери коомчулуктун кескин нааразычылыгын жараткан
Кыргыз калкынын куту эсептелген Таластагы Манастын Кароол дөбөсүнө байланышкан 2007-жылдын жай айында башталган казуу иштери коомчулуктун кескин нааразычылыгын жараткан. Айрым саясий партиялар менен коомдук уюмдар Кароол дөбөдөн эсепсиз казына издеген беймаалым адамдардын мындай "ишкердигин" кыргыз калкынын куту жана рух дөөлөтүнүн сыймыгы Манаска каршы жасалган вандалдык аракети катары баалашкан. "Манас-Ордону" коргоо кыймылы 5-август күнү казуу иштерине Президенттик администрациянын жооптуу кызматкерлери жана мамлекеттик жетекчилер катышып жаткандыгын белгилеп, президенттен "Манас-Ордонун" абалы менен таанышып кетүүнү талап кылышкан.