26- Ноябрь 1971 -жылы Америкалык боксчу Рональд Райт төрөлгөн
Америкалык боксчу Рональд Райт АКШнын Вашингтон шаарында туулган. Бокс боюнча дүйнөнүн жарым орто салмактагы абсолюттук чемпиону. Рингге бардыгы болуп 55 ирет чыгып, 51инде жеңип, 3 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан.
1990-жылдын 16-октябрында Рональд Райт профессионалдык рингдеги өзүнүн биринчи беттешүүсүн өткөрүп, калыстардын бир добушу менен Энтони Салернону уткан. Кийинки 2 жылдын ичинде ал дагы 15ке жакын матчты жеңип чыгат. Франциялык промоутер менен келишим түзүп, Европага рингге чыгып туруу үчүн кетет. 1994-жылы Рональд Бүткүл Дүйнөлүк Бокс Ассоциациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону Хулио Сезар Васкес менен беттешүү укугуна ээ болот. Беттешүүдө Райт 5 жолу нокдаунга түшүп, буга карабастан, калыстар жазган эсеп тең чыккан (114-113, 113-110 жана 115-110). Бул Райт эсин жоготуп жыгылып калгандан башка бардык раунддардан утту дегенди билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан