26- Ноябрь 2011 -жылы
Марс планетасынан соолуган көлдүн изи табылган
Марс планетасынан соолуган көлдүн изи табылган. Бул ачылышты Американын “Кьюриосити” марсоходу тарткан.
Соолуган көлдүн изи Марс планетасынын Йеллоунайф булуңунан табылган.
Изилдөөчүлөр бир кездердеги көлдүн суусунун курамында химиялык элементтер, көмүртек, кычкылтек, суутек, азот камтылышы ыктымал экенин божомолдошкон. Мындан тышкары кадимки хемолитавтотрофтук бактериялар жашоосу мүмкүн экенин айтышкан. Буга карабастан изилдөөчүлөр Марста жашоо болгон-болбогонун так аныктай алышкан эмес.