|
6-август, 1916-жылы Айрым маалыматтарга караганда, кыргыздардын 1916-жылкы боштондук күрөшү башталган![]() Айрым маалыматтарга караганда, кыргыздардын 1916-жылкы боштондук күрөшү башталган. Падышалык Орусиянын Биринчи дүйнөлүк согушка катышканынан улам колониалдык ээликтерден оорук ишине адамдарды алып башташы кыргыз калкынын буга чейинки чыдамын түгөткөн. Ансыз да жер, суусунан ажырап турган калкка аскерге адам алабыз деген падышанын жарлыгы отко май чачкандай таасир тийгизген. Падышалык бийликке каршы чыккан алгачкы кыймыл Пишпек уездине караштуу Атаке жана Ботбай болуштуктарында башталган. Көтөрүлүштүн башталыш маалында адамдар болуш жана пристав сыяктуу бийлик адамдарынын үйлөрүнүн кашына чогулушуп, аскерге чакырылгандардын тизмесин талап кылышкан. Тизмени бербөөгө аракет жасаган бийлик өкүлдөрү аскер чакырышып, кырдаалды курчутуп жиберишкен. Аталган болуштуктарда адамдар тизмени күч менен тартып алып, күч органдарына кол салууга чейин барышкан.
(106 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|