7- Декабрь 1987 -жылы Лос-Анжелестен Сан-Франциско шаарына учуп бараткан учакта Дэвид Бёрк тапанча менен элди аткылаган

Лос-Анжелестен Сан-Франциско шаарына учуп бараткан N350PS учагында Дэвид Бёрк аттуу жаран 2 жүргүнчүнү жана экипаждын 3 мүчөсүн атып, учактын багытын тик ылдый бурган. Мындан улам учак жерге тийип талкаланып, андагы 43 кишинин баары көз жумган.

USAir авиакомпаниясынын кызматкери Дэвид Бёрк буга чейин учак барынан акча уурдагандыгы үчүн кызматтан кетирилген. Мындан улам ал өчүн алуу максатында учактын ичине курал алып киргендиги белгилүү болгон. Себеби, учактын ичинде анын мурдагы кеcиптештери жана жетекчиси болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан