2- Декабрь 2010 -жылы Viber программасы чыккан
Viber - кат алмашуу жана чалып сүйлөшүү үчүн ылайыкталган мобилдик тиркеме. Аны израилдик Тальмон Марко жана Игорь Магазинник негиздеген. Viber`дин алгачкы версиясы iPhone телефондорунда гана иштеп, 50 миң колдонуучу гана каттала ала тургандай чектөөлөрү болгон. 2014-жылы январь айында аталган программаны япониялык компания 900 миллион долларга сатып алган.

Viber азыр Windows, OS X, Linux иш столдорунда (десктоп), Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian, Bada жана Windows Phone сыяктуу операциондук системдерде иштейт. Мында Symbian`да болгону СМС-билдирүү гана жөнөтүп, кабыл алууга мүмкүн. Ал эми чалууларды аткаруу каралган эмес. Аталган программа дүйнөнүн 200 өлкөсүнө жайылып, 30 тилге которулган. Viber`ге 2016-жылдын май айына карата 754 миллион адам катталган. Көз карандысыз булактардын эсептөөлөрүндө программаны иштеп чыгууга жалпысынан 30 миллион доллар сарпталган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан